ЖЫЛНААМА, 19-ИЮНЬ: Сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

Бүгүн, 19-июнда согуш же чыр-чатак учурундагы сексуалдык зомбулук менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2015-жылы ар кандай жаңжал, чыр-чатак учурунда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын көйгөйлөрүнө жеткиликтүү көңүл буруу жана аны алдын алуу максатында кабыл алынган.

Тилекке каршы, 21-кылымда да коомдун алсыз катмары - аялдар менен өспүрүм кыздар мындай зомбулуктун курмандыгы болуп келе жатат. Өзгөчө согуш учурунда карапайым калкка карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү көп катталат. БУУнун статистикасына ылайык, Чыгыш Африкадагы Руанда Республикасындагы 1994-жылдагы 3 айга созулган геноцид учурунда сексуалдык зордук-зомбулук көргөн аялдардын саны 250 миңге чейин жеткен. Конго Демократиялык Республикасында 1998-2002-жылдардагы 2-Конго согушунда 200 миң аял жана балдар зомбулукка кабылган. Мындай көрсөткүчтөр согуш болгон көп мамлекеттерде катталат.

19-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан