Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин туулган күнүнө карата Лондондо өтүп жаткан салттуу жүрүш учурунда 5 гвардиячы эсин жоготуп жыгылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Анда белгиленгендей, аскерлерге парадда жүндөн тигилген кивер кийгизилген. Бул учурда аба ырайы 25 градус ысык болуп турган.
"Күн абдан ысык болду, эсин жоготуп жыгылган аскерлерди жүрүштөн алып кетишти, аларды дарыгерлер текшерип суу берип жатышты", - деп жазылат маалыматта күбөлөргө таянып.
Эсин жоготуп жыгылган аскерлердин бири видеого тартылып алынган. Өткөн жылкы салттуу жүрүштө да бир гвардиячы ушундай абалга кабылган.