“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин депутаттарга баа берүү укугу жок экенин айтты.
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында шаардын четинде жайгашкан дачаларга айыл статусун берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Анда Абдылдаев СССР убагында дачалар жайкы мезгилде колдонулсун деп берилгенин эскертти. “Ички жана сырткы миграция күч алып көптөр көчүп келишкен. Бул маселени айрым депутаттар саясатка айлантып жатат. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаттары дагы бул маселени көтөрүшкөн. Бирок мыйзам долбоор өтпөй калган. Элди саясатка пайдаланган туура эмес болуп калат”, - деди ал.
Алтынай Өмүрбекова депутаттар кандай мыйзам долбоорду сунуштай турганы өзүнүн укугу экенин айтты. “Элдин көйгөйү качантан бери популизм болуп калды эле? Бир нече жолу сизге депутаттарга баа бербеңиз деп эскертилди эле”, - деди ал.
Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Экмат Байпакбаев бул социалдык жана экономикалык маселе экенин билдирди.