Кыргыздын ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин ордуна Раим Салимов дайындалды

Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп милициянын полковниги Раим Салимов дайындалды.

Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

“Раим Салимовго чоң жоопкерчилик берилип жатат. Ал эки өлкөнүн ортосундагы министрликтин байланыштарын бекемдөөгө гана эмес, диаспоралык тармактарда дагы мыйзам бузуулар менен активдүү күрөшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин аталган кызматты Аскат Алиев жетектеп келген. Ал апрель айында КМШга мүчө мамлекеттерде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана башка кооптуу кылмыштарды көзөмөлдөө бюросунун директорунун орун басары болуп дайындалган эле. Алиев ал кызмат менен кошо мурдагы ИИМдин Орусиядагы өкүлү кызматын да аткарып келген болчу.

Ошондой эле ал кечээ, 18-июнда Орусиянын чек арасында кармалган 4 кыздуу жалгыз бой келиндин ишине кийлигише албастыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ady-88
2017-06-19 18:08:11
Улуту уйгур окшойт
0
Shekeev969798
2017-06-19 18:29:06
Ушундай иштесе баары бир нерсе кылдын ылай шыбаласын!
0
nurbekasr
2017-06-19 19:47:55
Крупный акча ойноду да ортодо креслого жабышыш учүн.
0
rruslan88
2017-06-20 23:47:06
Аскат татыктуу эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан