20-июнда Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы Чүй жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү кесилишкен үйдүн дубалындагы Чүй кеӊ көчөсү деп жазылган тактайдын үстүнө Сталин көчөсү деп белгисиз адамдар жазып кеткендиги тууралуу маалымат интернетке тарады.
Ошондой эле жарыяланган маалыматта Бишкек шаардык кеңеши 19-июндагы отурумда Чүй көчөсүн Сталин деп өзгөртүү боюнча демилгени карап чыгып, токтом менен бекиткени айтылат.
Бирок бул боюнча шаардык кеңештин басма сөз кызматы кечээ сессияда көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү маселеси күн тартибинде каралбагандыгын жана жогоруда айтылган маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.