Сокулук районунда көлмөгө ташталган чочконун кыгынан балыктар ууланып, айылдыктар нааразы болууда

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы көлмөлөр булганып, балыктар ууланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда жергиликтүү жашоочулар маалымат жыйында айтып чыгышты.

"Айылда жеке ишкер чочконун кыктарын төгүп көлмөнү булгаган. Бул боюнча айыл тургундары милицияга кайрылган. 2013-жылдан бери ишкерге 11 берене менен кылмыш иши козголгон. Андан бери бир нече жолу соттук отурум болуп келди. Сокулук райондук соту санитардык эреженин бузулушу, жүздөгөн балыктардын өлгөнүнө карабай ишкерди актап койду", - дейт айыл тургуну Элбурс Мамедов.

Айыл тургундары көлмөдөгү балыктардын ууланышы боюнча күнөөлөнүп жаткан ишкер райондук сот тарабынан акталышына нааразычылык билдирип, өлкө башчысына кайрылуу жасашты.

"Биз Сокулук районунун аймагында өлкө башында турган жетекчилерге канча жолу кайрылуу жазып кайрылсак да, жооп болбой жатат. Эми президент Алмазбек Атамбаев кызматтан кетеринде Сокулук районунун башка көйгөйлөрүнө да карап койсо болмок", - деп билдирди Коррупция менен күрөшүү коомдук кыймылынын Сокулук району боюнча координатору Нарынбек Султанкулов.

Маалыматка ылайык, аталган айылдагы көлмөгө буга чейин балдар чөмүлүп, айланасында жергиликтүүлөр эс алып жүрүшкөн. Учурда көлмөлөрдүн жээгинде эс алууга мүмкүн болбой жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-06-20 15:46:16
Чочко абаны, сууну, жерди бут баарын булгайт. Турушу менен арам. Эл жашаган жерде багууга болбойт. Айылдан алыс баксын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан