10-июлдан тартып өлкөнүн Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл ала башташат (график)

10-июлдан баштап Кыргыздын Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууну башташат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу графиги:

Биринчи тур

10-12-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

12-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

13-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

13-15-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

Экинчи тур

17-19-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

19-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

20-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

20-22-июль Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)

24-26-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.

26-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.

27-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.

27-29-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.

25-августка чейин Жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин тизмеси министрликке жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mira77
2017-06-23 19:06:38
9класстын базасында кндай окуу жайлар качан, кабыл алып баштайт и колледждер жонундо кененирээк маалымат берип койсонор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан