Аида Салянова ал сунуштаган маселе парламентте каралбай жатканын спикерден көрүүдө

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ал сунуштаган маселени атайын карабай койгонун айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Мурунку жыйында мен сунуштаган мыйзам долбоору иш убактысы бүтүп каралбай калган. Бүгүн күн тартибине кирген эмес. Эмне үчүн кирбей калды? Бул маселе маанилүү болчу", - деп спикерге кайрылды.

Анда Чыныбай Турсунбеков өткөн аптанын бейшемби күнү каралбай калган маселе кийинки аптанын бейшемби күнүндө карала турганын белгиледи. Ошондо эртеңки жыйындын күн тартибине киргенин айтты. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткан бардык маселелер маанилүү экенин эскертти.

Салянова каралбай калган маселе кийинки күнгө коюлушу керек деген пикирин билдирип, спикер атайын бул маселени койбой койгондой сезилгенин айтты.

Эске салсак, 15-июнда “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзам долбоору каралбай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан