Бүгүн, 21-июнда Бишкекте Акыйкатчы институтунун сот адилеттигине байланышкан баяндамасы талкууланып жатат. Талкууга Башкы прокуратуранын, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку Соттун өкүлдөрү катышууда. Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз баяндамасында Акыйкатчы институту айрым соттук иштерге катыштырылбай калып жатканын жана жарандардын айрымдары соттук актылар боюнча толук тааныштырылбай калган учурлар бар экенин белгиледи.
"Өткөн жылы Биринчи Май райондук сотунда соттук отурумдардын бирине биздин институттун өкүлдөрү киргизилбей калган. Себеби отурум жабык болуп жатат деген негизде киргизишкен эмес. Акыйкатчы институту ар бир сот ишине толук катышууга, анын ичинде жабык соттук кароого катышууга да толук укуктуу", - деди Оторбаев.