Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы 6 гектар жерди ээлеген таштанды таштоочу жайды которуу үчүн жер бөлүнүп бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда SUPER.KG порталына Сокулук районунун Коммуналдык чарба кызматынын башчысы Боронбай Момоконов билдирди.
"Райондун акими буга чейин таштанды таштаган эки айыл аймактын башчыларына жер бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Анткени бүгүнкү күндө жердин баары менчикке өтүп кеткен. Жер табуу кыйын болууда", - деп билдирди Момоконов.
Жергиликтүү тургундар бул таштанды таштоочу жай 50 жылдан бери пайдаланып келе жатканын айтышат. Ошондой эле алар таштанды ташталган жайды жаап, башка орунга которуу маселесинде райондун жана айыл аймактын жетекчилери чабалдык кылып жатат деген ойлорун айтышууда.
Эске салсак, буга чейин 31-майда таштанды аянтына 200 метр жакын аралыкта жашаган жергиликтүү тургундар "күн ысыган сайын жагымсыз жыт чыгып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Балдарыбыздын келечегинен кооптонобуз", - деп билдиришкен. Ошол эле учурда Крупская айыл аймагынын башчысы Жеңишбек Эдигеев таштанды таштоо үчүн атайын жер издеп жатканын айткан.