Бишкекте жашаган аялдын батиринен коңшуларынын арыздануусу менен 3 унаа таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук администрациясына көп кабаттуу үйдүн жашоочулары коңшусу тазалыкты сактабагандыгын айтып, арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде администрация тарабынан бир нече түзүмдөрдүн өкүлдөрү кирген атайын комиссия түзүлүп, аталган батирди текшерүүгө алышкан.
Натыйжада арызда айтылган фактылар аныкталып, башка жашоочуларга ыңгайсыздык жаратканы үчүн таштандыларды алып чыгуу чечими кабыл алынган. Батирдин ичинен чыккан керексиз буюм, таштандыларды ташыган унаа 3 ирет ташып, түгөткөн.
Маалымат катары айта кетсек, адамдын керексиз буюмдарды ашыкча эле чогулта берүүсүн психологдор оору - Плюшкин синдрому деп сыпатташат. Плюшкин синдрому - үйүнө колдонууга мүмкүн болбой калган, таптакыр пайдаланылбаган буюмдарды чогулта берген адамдын жүрүм-туруму.
Эскерте кетсек, буга чейин да Бишкекте каза болгон аялдын үйүнөн 4-5 тонна таштанды чыгарылган.