Кыргыз өлкөсүндө уурулук жана алдамчылык фактылары башка кылмыштарга салыштырмалуу көп катталат

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө уурулук фактыларынын катталуусу биринчи орунга, ал эми алдамчылык экинчи орунга чыккан. Бул туурасында Бишкекте Бириккен Улуттар Уюму уюштурган "кылмыштуулуктун статистикалары" темасында өткөн семинарда Башкы Прокуратуранын укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын ага прокурору Эмил Чамбаев билдирди.

"Өлкөдө 2015-жылы жалпы 29 100 кылмыш иши болсо, 2016-жылы 27 480 кылмыш иши катталган. Бул көрсөткүчтөрдүн ичинен эң көбү уурулук кылмышы 9292 жолу, алдамчылык 4095 ирет катталды. Биз каттоого алынган кылмыштарды квартал сайын жарыялап турабыз. Жыл жыйынтыгында кылмыштуулуктун саны өскөн облустарга чаралар көрүлөт. Азырынча аймактардагы көрсөткүч боюнча алганда кылмыштар Бишкек, Ош шаарларында жогору", - деди Чамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан