Депутат Артыков: "Юстиция министри буту күйгөн тооктой депутаттардын артынан чуркап жүрөт"

"Юстиция министри буту күйгөн тооктой депутаттардын артынан чуркап жүрөт", - деди бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков.

Жыйында “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жарандарды жекече эсепке алуу жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдиргендей, Анвар Артыковдон жарандарга жеке идентификациялык номур (ПИН) берүүдө бардык учурларда соттун чечимине ылайык өзгөртүлүшү керек деген сунуш түшкөн. Бирок комитет бул сунушту колдобогонун кошумчалады.

Анвар Артыков: "Менин сунушум четке кагылганы боюнча чечим жок. Комитеттин жыйынына дагы чакырышкан эмес. ПИН-номурунун өзгөрүшү боюнча юстиция министри эмнеге чуркап жүргөнүн түшүнбөй жатам. Кандай кызыкчылыгы бар? Мамлекеттик каттоо кызматы го экинчи ПИН-номур берип жатканда сатып көнүп калышкан. Мейли жеке номур өзгөртүлсүн, бирок соттун чечими менен", - деди Артыков.

Юстиция министри Уран Ахмедов жарандар үчүн бул мыйзам долбоору керек экенин айтты. "Жарандардын кызыкчылыгы үчүн чуркап журөм. Бул менин парзым. Конституцияга ылайык, жарандардын жеке номурун өзгөртүү соттун жумушу эмес", - деди министр.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бул сунуш комитеттин жыйынында каралбаганын айтып чыкты. Анда депутаттар мыйзам долбоорду комитеттин жыйынына кайра жөнөтүү сунушун айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан