Каныбек Иманалиев: “Супер президенттик өлкөдө да сот тармагы 4 кабат бийликтин астында калган эмес”

Бүгүн, 21-июнда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев парламенттин жыйынында “Супер президенттик өлкөдө да сот тармагы 4 кабат бийликтин астында калган эмес”, - деди.

Жыйында соттордун кеӊешине караштуу тартип комиссиясын түзүү мыйзам долбоору каралды. Анда комиссиянын курамы 9 адамдан туруп, алар президент, Жогорку Кеӊеш, соттор кеӊеши тарабынан сунушталат. Бул комиссия Конституциянын талаптарына ылайык түзүлгөн. Ал көз карандысыз орган болуп саналат. Ага саясий партиялардын мүчөсү киргизилбейт.

Каныбек Иманалиев бул мыйзам азыркы президентке кереги жок. "Анткени анын мөөнөтү бүтүп жатат. Сотту президент дайындап жана кызматтан бошотот. Ушул эле жетиштүү болуп жатат. Эми тартип комиссиясынын курамына президенттин 70 пайыз адамы дайындалат. Сотторду дайындоого, бошотууга президентти байлап жатасыңар. Анда элге Кыргыз мамлекетинде сот системасы президенттик администрациянын алдында болот деп айталы. Ошондо жүзүбүз жарык болот. Шериктеш өлкөлөрдө, дүйнөлүк практикада, супер президенттик мамлекетте да сот системасы төрт кабат бийликтин астында калган эмес", - деди ал.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда Каныбек Иманалиев тартиптик комиссияга президент талапкер сунуштабашы керек экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан