КСДПнын курултайы 15-июлда өтөт. Бул тууралуу 21-июнда журналисттерге партиянын саясий кеӊешинин мүчөсү Фарид Ниязов (сүрөттө) маалымдады. Курултайда КСДПнын атынан 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер бекитилет.
Ниязовдун билдиришинче, КСДП шайлоого жалгыз талапкер чыгарат. Ал учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетсек, май айында Бишкекте КСДПнын саясий кеӊешинин жыйыны өтүп, анда быйыл өтүүчү президенттик шайлоого КСДПдан талапкер катары Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлгөн.
Коомчулукта КСДП Жээнбековдон башка да талапкер чыгарышы мүмкүн деген жоромол айтылып жаткан.