Фарид Ниязов КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Фарид Ниязов (сүрөттө) КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Мындай чечим 21-июнда партиянын саясий кеӊешинин жыйынында кабыл алынганын Ниязов өзү журналисттерге ырастады. Буга чейин партия төрагасынын биринчи орун басары кызматын Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков аркалап келген.

Июнь айынын башында президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган Фарид Ниязов быйыл күзүндө өтүүчү президенттик жарышта КСДПнын атынан чыкчу талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектей турганы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан