Президент Алмазбек Атамбаев Сербия Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик Ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өлкө башчысына Орден тапшыруу аземи анын Орусияга болгон иш сапарынын алкагында өттү.
"Сербиянын президенти Томислав Николичтин жарлыгы менен А.Атамбаев Сербия менен Кыргыз өлкөсүнүн кызматташуусунун өнүгүүсүнө жана достук мамилесинин бекемделишине кошкон салымы үчүн Орден менен сыйланды. Орденди Сербиянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Славенко Терзич тапшырып, Атамбаевдин эки өлкөнүн кызматташуусунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылат маалыматта.