СУПЕРСТАН: "Мына, эң кызыгы мен да ошол адамды бир көрүп сүйүп калгам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бир көргөндө сүйүп калуу мүмкүнбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ээ, кайдагы сүйүүнү айтып жатасыңар? Бир көрүп кызыгуу болот, эч качан сүйүү эмес. Айтышат "жаралганда түгөйүң менен кошо жараласың" деп ошолор гана бир көрүүдөн сүйүп калышат, башкача айтканда, бирин-бири жүрөгү менен тааный алышат. Сүйүүнү ар кайсы сезимге алмаштыра берген такыр туура эмес".

"Бул сүйүү эмес, бул кызыгуу башы гана. Сүйүү, балким, кийинчерээк пайда болот же болбойт. Аны азыр айтуу кыйын. Каныңызда гормондор эми ойнойт, себеби негизги башыңызда түзүп алган идеалдуу кыздын образы азырынча ошол кыз менен төп келип жаткандай, ошого "элестеп" болуп жатасыз. Бир аз күтө турсаңыз, ал кыздын кемчиликтери да чыгат (кемчиликсиз адам жок эмеспи). Анан сүйүү-күйүү болобу, жокпу көрө жатарсыз. Анан дагы жаштар, "нормальный" болуп, бир аз сабырдуулукка үйрөнгүлөчү, сураныч. Мен чыдамсызмын деп жүрсө, бул жакта эки күнүн эпопея кылгандар чыкты го".

"Бир көрүп сүйүп калуу мүмкүн. Сүйүү үчүн атайын мыйзам жок. Жүрөккө буйрук бере албайсың дегендей, же мүмкүн эмес дегидей сүйүүнүн формуласы бар беле?! Сүйүп калсаңыз, сүйдүрө да билиңиз. Анын сизге болгон көз карашын, оюн байкаштырып, сезимдерди билдирбей, ичке ката турган оңдур. Анан да сүйүү эле эмес, аны далилдей да билүү керек".

"Бир убакта шайыр бактылуу жашоомду астын-үстүн кылып, күндөн келген жарыкты капкара булут тоскондой жашоомду караңгылап жиберди. Эч бир уруксатсыз күтүүсүздөн жан дүйнөмө кирип келип, болгон кубанычымды, жашоомдун жыргалын уурдап чыгып, караңгы туңгуюкка калтырды. Кытайда бирөөнүн буюмун уурдасаң колуңду кесип жазалайт. Ал эми буюмдан миллион эсе кымбат турган жан дүйнөңдүн жыргалын, жашооңдун маңызын уурдатып тепселетип, жазасын бере албай калган кандай гана өкүнүчтүү экен. Мына, эң кызыгы мен да ошол адамды бир көрүп сүйүп калгам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tyty1990
2017-06-22 19:16:37
Бир көрүп сүйүп калууга ишенбейм. Бул жөн гана жактыруу,кызыгуу деп билем. Көп эле кыздарды көрөм. Бирин татынакай десең, экинчиси жылдыздуу десе болот. Ал эми башкалардан айырмаланып сулуу , жылдыздуу дене түзүлүшү сулуулугуна төп келишкен татына кыздарды көргөндө ичимден сулуу экен деп койбосом, бир көрүп сүйүүгө ишенбейм. Бул менин жеке оюм.
-1
Ronaldo.99
2017-06-22 19:45:26
Журогум алданды суйду куйду бирок молодец дагы эле иштеп жатат
+7
roland
2017-06-22 20:59:01
Мен суйууну суроттоого соз байлыгым жетпейт
+2
Ajar812
2017-06-23 01:22:35
Суйуу болот бирди суйуп ошо менен омур откоруу .Олуп калса да суйо берет экенсин ага эч кимди окшото албайсын .Эми ошо менен омурум отуп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан