Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда Башкортостандын Уфа шаарына учуп барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Атамбаевди аэропорттон Башкортостан Республикасынын башчысы Рустэм Хамитов тосуп алды. Андан кийин өлкө башчы Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.