Орусиянын президенти Владимир Путин Аза күтүү жана эскерүү күнүнө карата арналган иш-чарада Москва шаарындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, иш-чара башталганда нөшөрлөгөн жамгыр төгүп жиберген. Путинден тышкары иш-чарага премьер-министр Дмитрий Медведев, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин жана өкмөт мүчөлөрү, депутаттар жана ардагерлер катышты.
Айта кетсек, 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуш башталган.