Жыл башынан бери өлкөдөгү 3,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Бүгүн, 22-июнда Жол жана транспорт министри Жамшитбек Калилов жыл башынан бери министрликтин аткарган жумуштарын айтып берди. Министрдин маалыматына ылайык, 5 ай аралыгында өлкө аймагындагы 3,7 чакырым жолго асфальт, 9 чакырым жолго шагыл төшөлгөн.

Алар Чүй облусунан Токмок-Шамшы-Туюк, Ысык-Көл облусунан Каракол-Раздольное, Шаты-Талды-Суу, Жалал-Абад облусунан Жалал-Абад-Казарман, Ош облусунан ПАД-Будалык, Жаңы-Арык-Кызыл-Суу автожолдоруна шагыл жана асфальт төшөө иштери бүткөрүлдү. Мындан сырткары Маданият-Майлы-Суу унаажолунун 13,5 чакырымына 1 көпүрө курулду”, - деди министр.

Ал алдыда жасалчу иштер дагы көп экенин белгиледи.

Эске салсак, Калилов буга чейинки маалымат жыйында бул жылы өлкө боюнча 280 чакырым жол салынарын убадалаган. Жол чарба департаментинин жалпы бюджети 2017-жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын каражаттарын эсептөө менен 3 миллиард 749 миллион 500 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
R_u_S
2017-06-22 19:58:37
Анын 3,5 чакырымы жараксыз.
0
jibew
2017-06-22 20:24:37
Жакшы иш жасапсынар 3,7 км!!! Дагы 276 км асфальт басышынар керек экен. Уят! уят!
0
roland
2017-06-22 20:53:47
Коп иш кылып коюшпадыбы?
+1
stal.ks
2017-06-22 23:34:35
дем алгыла коп иштеп коюпсунар
+1
s.k.bakyt
2017-06-23 00:06:31
Кыйратыпсыңар, дагы ойлопмун 370 км экен деп.
0
futboler
2017-06-23 00:06:34
Тфу, тфу, тфу, коз тийбесин. Коп тошоп коюпсунар
+1
didu
2017-06-23 08:13:36
3700 км окшойт кандай болсо жакшелего дейм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан