Алмазбек Атамбаев Башкортостандын башчысы менен эки тараптуу алаканы талкуулады

22-июнда Башкортостанга иш сапары менен барган президент Алмазбек Атамбаев аталган республиканын башчысы Руcтэм Хамитов менен жолугушуп, эки тараптуу алаканы талкуулаганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда эки элдин ортосунда маданий-тарыхый тыгыз байланыштар бар экендигин белгилеп өтүштү.

Башкортостандын башчысы кыргыз жана башкыр элдеринин жалпы улуттук тамыры бир экендигин, эки элди түрк элинин бай тарыхы, бирдиктүү руханий маданияты байланыштырып тургандыгын айтты.

“Бул нерсе башкыр-кыргыз мамилелерине өзгөчө достук, ал тургай туугандык мүнөз берип турат деп айтар элем. Биз муну абдан баалайбыз. Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү биздин республикабыз үчүн тышкы экономикалык чөйрөдөгү эң маанилүү багыттардын бири. Биз бүгүн соодада, илимде, билим берүүдө, маданият тармагында байланыштарыбызды ырааттуулук менен чыңдап жатабыз”, - деди Рустэм Хамитов.

Алмазбек Атамбаев кыргыздар да, башкырлар да алтай цивилизациясынан чыккан бир тууган элдер экендигин белгиледи. “Дал ушундай сапарлар достугубузду бекемдейт. Бизди 1000 жылдык тарых байланыштырып турат", - деди президент.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Алмазбек Атамбаев менен Рустэм Хамитов биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан