Тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда кылмышка шектүүлөргө кылмышты моюнуна алдыруу үчүн кыйноолор, мажбурлоолор болуп келет. Мындай пикирин бүгүн, 23-июнда акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдөгү кыйноолорго жана жазага тартылбай калууга каршы күрөшүү жөнүндө өткөн тегерек столдо айтты.
Ал тергөө амалдары жүргүзүлгөн учурда жактоочулардын катышуусунун зарылдыгы күч алгандыгын, шектүүлөрдүн укуктары корголбой, бузулуп жатканын белгиледи.
"Учурда кыйноолорго каршы иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Башкы прокуратура тарабынан кыйноого каршы комитет түзүлүп иш алып барууда. Ага карабастан кыйноолор коомубузда орун алууда", - дейт Оторбаев.
Иш-чарага БУУнун балдар комитетинин төрайымы Винтер Рената, Эл аралык түрмө реформасы уюмунун Орто Азиядагы аймактык директору Азамат Шамбилов, вице-премер-министр Чолпон Султанбекова, ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов жана президенттин аппаратынын эксперти Таштемир Чилдебаев катышты. Андан сырткары укук коргоочулар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келди.