Башкортостандын башчысы Руcтэм Хамитов президент Алмазбек Атамбаевге башкыр тилинде биринчи жолу басылып чыккан "Манас" эпосун белекке берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Эпосту башкыр тилине Орусиянын Илимдер академиясынын Уфадагы илимий борборунун Тил жана адабият институтунун чыгармачыл жамааты которгон. Чыгармачыл жамаат эпостун поэтикасын сактоого, ошондой эле кыргыздардын үрп-адатын, салт-санаасын өзгөртүүсүз берүүгө умтулган.
Президент Алмазбек Атамбаев Руcтэм Хамитовго белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.