СУПЕРСТАН: "Сүйгөн адамым чалса "о-ов, жанысы" деп жооп берем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Телефонго коңгуроо келгенде кантип жооп бересиз?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Инимдин телефону шыңгырап калса "улуу урматтуу угуп жатат" деп жооп берип, алик алганын биринчи жолу угуп таң калып калган элем".

"Сүйгөн адамым чалса "о-ов, жанысы" деп жооп берем. Ал болсо трубканы көтөрүп, дароо эле "ии сагынып кеттиңби, жаным го" деп жооп берет. Досторумдун бирөөсү "алоокадаман" деп күлдүрө берет, дагы бирөө "агент 007 угуп жатат" деп жооп берет. Кошуна байке аялына ар дайым "да, дама көзүр" дейт экен".

"Мен "угуп жатам" же "сиз Бишкек менен түз байланыштасыз" деп жооп берем. Кээде чарчап турганда "Ха, ха-а" дей бермейим бар. Ташташ керек эле ушул сырдык сөздү. Кээде «ээ!» дейм".

"Таанышыма бирөө чалып калды, ал "да, Жогорку Кеңеш" десе, тигиниси "Кайдасың?" дегенде, "Ак үйдө" деп коёт. "Жарылып" калгам".

"Иним бир кезде "у телефона" же "у аппарата" деп салса, элдер делдиреп эле калчу эле".

"Байкеме чалсам эле "абонент угуп жатат" деп жооп берет да. А мага чалгандардын баарына "оу" дей берем".

"Оо, ким чалып калган, мени да эстей турган адам бар экен ээ" деп жооп берем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rios.07
2017-06-24 18:53:40
мен чалып алоо Гулум маанай 5пи? гулум соолуп калбадынбы десем, ваай чаал чанкап кеттииим дейт)))
-3
Tyty1990
2017-06-24 21:02:09
Досум экөөбүз Кафеде чай ичип отурсак,досума чалуу келди. Телефонун алып эле башка чалба аялым урушат деди. Анда тиги мен аялыңмын да десе, досум аа кандайсың анан деген. Күлө берип ич ооруган.
+3
cholpon119966
2017-06-26 09:48:33
Бизди болсо кокусунан чалганын укпай ала албай кылып кайра чалып чалыпсыз го десем жоок чалбадым басылып кетсе керек дейт, ммм деп койом. Мен чалсам ия ассаламм алекум дей берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан