Адахан Мадумаров Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу: "Кыргыздын аскерине муктаж бирөө барбы өзү?"

Интернетте Сирияга Кыргыз менен Казакстандан аскер жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу маалымат талкууланууда. Бул боюнча саясатчы Адахан Мадумаровдун пикирин сурадык. "Бүтүн Кыргызстандын" лидери расмий чакыруу келмейинче, бул маселени талкуулоонун кажети жок деп эсептейт.

"Биз бир маалыматтын аныгын билбей эле дүрбөлөӊ түшө беребиз. Бул жалпы саясий маданияттын деӊгээли. Кыргыз мамлекетинде так маалымат жок, кайсы бир жактан ушак чыкса ошону көкөлөтүп эле жүрө беребиз. Кыргыз тарапка расмий кагаз келип түшкөн жок, аны колума алып таанышып чыкпай туруп пикир айтканым абийир алып келбейт го. Расмий түрдө кагаз келип түшөт, парламентте талкуу болот, андан кийин чечим кабыл алынат. Кыргыздардын аскерине муктаж бирөө барбы өзү? Кайсы техникасына, кайсы аскердик учагына же танкына муктаж?

Бул жөнөкөй маселе эмес, Конституциялык маселе. Биринчи расмий кагазы келсин. Ал кагазда баары жазылат чыгымдарын, кийимин, тамак-ашын, курал-жарактарын ким көтөрөт, канча мөөнөткө барат, кандай максатта колдонулат, аскердик аракеттерге катышабы же тынчтык орнотуучу аймактарда гана болобу, бүт жазылат. Ошол шарттар менен таанышайын, анан баарын баштан аяк айтып берүүгө даярмын", - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан