Бишкек шаарында катталган катуу шамалдан 12 дарак кулап, 5 адам жабыркады

Кечээ, 23-июнь күнү Чүй облусунда катталган катуу шамалдан Бишкек шаарында 12 дарак кулап, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү саат 14:05-16:05тер аралыгында шаардын аймагында ылдамдыгы секундасына 21 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен бак-дарактар жолдорго жана унааларга кулап түшкөн.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы, шаардык мэриянын “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынан 80 адам жана техникалар тартылган.

"Шамал 2 турак үйдүн 22 шиферин учуруп, жараксыз абалга келтирген. Мындан тышкары 5 адам жабыркаган, анын ичинен 2 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жөнөтүлгөн, 3 адам ооруканага жаткырылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Take_men
2017-06-24 11:56:30
Откондо жараксыз дарактарды кыйбаганда 1200 дарак кулайт беле. Жакшы тазалап коюшту эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан