Президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү ыктымалдуулугу боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдө бул маселе көтөрүлгөн эмес. "Бишкекте бизде оюнан бир нерсе чыгарып, аны чуу кыла турган адамдар бар. Бул оңой иш эмес. Анткени чын эле бул маселе көтөрүлө турган болсо, анда адегенде Жамааттык кызматташтык келишим уюмунун бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан чыгарган чечими керек болот. Экинчиден, Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы керек. Сиздер билгендей Орусиянын бардык демилгелерине кандай мамиле жасалып жатканынан маалыматыңар бар. Аларды өткөрбөй коюуга аракет кылышат. Үчүнчүдөн, бул маселени Жогорку Кеңеш чечет. Төртүнчүдөн, эгер кайсы бир учурда бирок ал мезгил менин президенттик мөөнөтүмдө болбойт болушу керек, бул маселе келип чыкса анда, албетте, Кыргыз мамлекети регулярдуу эмес аскердик бөлүктөрүн жөнөтүшү керек. Аскер, офицерлердин катарынан каалоочулар болсо, алар тажрыйба топтоп, акча да таба алат. Бирок кандай болгон күндө да биз бул маселени такыр талкуулаган эмеспиз. Ошондуктан ашкере сөз кылып баштаганда мен аябай таң калдым", - деди Атамбаев.
Айта кетсек, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Шаманов Кыргыз Республикасына жана Казакстанга аскерлерин Сирияга жиберүү маселеси боюнча сунуш берип, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин орусиялык ЖМКларга билдирген.