Эртең, 25-июнда Ош шаарында айт майрамына карата коомдук унаалар элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриянын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы Талант Канатбек уулу билдирди.
"Айт майрамы күнү коомдук унаалар эртең мененки саат 6:00дөн баштап кечки саат 21:00гө чейин элди акысыз ташып иштейт. Буга 35 чоң автобус, 15 троллейбус тартылган. Бул аракеттер калаа башчысынын атайын буйругунун негизинде жүргүзүлүүдө", - дешти мэриядан.
Айта кетсек, Ош шаарында автобустарда жол кире акысы 8 сом, троллейбустарда 6 сом.