Бишкекте эски аянтта Орозо айт намазы окулду

Бүгүн, 25-июнь өлкөдө Орозо айт майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте, ар бир облус борборлорунда, райондордо, ири мечиттерде айт намазы окулат. Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат. Учурда аянтка жакын жайгашкан Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Абдымомунов көчөсү Панфиловдон Тыныстанов көчөсүнө чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, милиция кызматкерлери намазга келгендерди дыкат текшерип киргизүүдө. Тартипти эки миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алууда.

Намазга чогулуу саат 6:00дө болсо, намазга жыгылуу 7:30да болот. Бул аралыкта өкмөт башчы, шаар башчы сөз сүйлөп, муфтий баян айтат.

06:20 Аянтта муфтий Максат Токтомушев баян айтууда.

07:15 КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Орозо айт майрамы менен жалпы мекендештерди өкмөттүн жана өзүнүн атынан куттуктады. "Бул жылы мекендештерибиз жылдын эң узак жана аптаптуу күндөрүндө бир ай бою орозо кармашты", - деди өкмөт башчы. Андан соң сөз шаар башчысы Албек Ибраимовго берилди. Шаардын мэри калкка куттуктоо сөзүн айтып, кармаган орозолору кабыл болушуна тилектеш экенин айтты.

07:28 Орозо айт намазынын шарттары айтылууда.

08:05 Орозо айт намазы окулду. Аянтка кирүүгө үлгүрбөй, батпай калган тургундар аянттын сыртында намазга жыгылышты.

Айт намаз -2017: эски аянтта мусулмандар саждага баш тийгизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nargiz-sa
2017-06-25 07:06:36
Орозо айтыныздар маарек болсун
+15
Mekiw
2017-06-25 07:08:02
nargiz-sa, рахмат бирге болсун
+12
CHOTON_86
2017-06-25 07:40:04
Майрамынар менен кыргыз элим...
+12
KGstan1981
2017-06-25 08:05:17
Мусулман бир туугандар баарынарды бугунку Айт Майрамыныздар менен куттуктайм!(Аташка айылчылап кайын журту Казаньда журсо керек)
+5
nurbekasr
2017-06-25 08:24:24
KGstan1981,Орозо айт майрамыңыздар менен чын көңүлдөн куттуктайбыз.Аташка Россияда стакандан колу бошобой жүрөт да,алакан жайып жакшы дуа кылгандын ордуна.
+6
Arsenal2
2017-06-25 08:36:04
KGstan1981,айтыныздар маарек болсун кыргыз элим.кайсы жерге кирбе президентибизди жамандамай.таза жок дегенде ушул кудайдын улуу кунундо жаман соз суйлобойук.туугандар пейилди ондойлук.
+7
momun74
2017-06-25 08:56:29
Рамазан айы да бутуп калды келерки рамазанга жеткире кор Аллахым! момун мусулман боорукер кыргыз элим айт майрамыныздар менен кутуктайм! Аллахтын ыраазычылыгы учун баарыныздарды жакшы кором!
+7
kirgizstan
2017-06-25 10:04:14
momun74,рахмат баарыбызга тен болсун. Плюс басам деп минус басып алдым кечирим сурайм. Айтыныздар маарек болсун
+4
TAMAPA
2017-06-25 10:17:39
Операторлорго Намазданда камералары зарыл экенда. Элдин баары намаз окуп жатса, булар аялдарга окшоп четте камера которуп турушатко. Озу бугун аялдар менен эле майыптар намазга чыкпады, калган эркек аттуулардын баары эркектик жана мусулмандык милдеттерин аткарып намазга чыгышты, оператор айымдардан башкасы))))).
-2
portugalia
2017-06-25 13:01:40
Сонун майрам.Элдин баары жакшы маанайда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан