Айрым маалымат каражаттарына Бишкектеги эски аянтта окулуучу Орозо айт намазын чагылдырууга тыюу салынды. Орозбеков жана Фрунзе көчөсүндөгү текшерип өткөрүү постунда турган милиция кызматкерлери мындай чечим Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан билдирилгенин айтышып, атайын каттоодон өтпөгөн ЖМК өкүлдөрүн киргизбей жатышат. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Айт намазын чагылдырууга мындай талап жок болчу.