Бишкекте 57 окуучу өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болду

Бишкек шаарында мектепти ийгиликтүү аяктаган 57 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестатка ээ болду. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, алдынкы бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземине шаар мэри Албек Ибраимов катышып, куттуктоо сөзүн айтты.

"Бул сиздердин 11 жылдык эмгегиңиздер. Ошол эле учурда сиздердин ушул натыйжага жетишиңиздерге ата-энелердин да салымы чоң. Алар бардык күчүн жумшап билим алууңуздарга шарт түзүп берди", - деди калаа башчысы.

Өз кезинде бүтүрүүчүлөр мугалимдерине, ата-энелерине ыраазычылык билдиришип, мындан ары да алардын үмүттөрүн актоого аракет жасай тургандыктарын айтышты.

Өзгөчө аттестат алган бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларга кирүүдө айрым жеңилдиктер берилет.

Бул жылы Бишкек шаарында 9-классты 10 миңдей, 11-классты 5 миң 709 бүтүрүүчү аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан