Социалдык тармактарда Кыргыздын символикаларын мазактагандар кармалды

Социалдык тармактар аркылуу улут аралык кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козуткан эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

“ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернетте улут аралык кастыкты козуткан жана улуттук символикаларды сыйлабаган мамилесин көрсөткөн колдонуучуларды аныктады. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында эки адам кармалды”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Быйыл июнь айында социалдык тармактарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын мазактап, шылдыңдап бир нече комментарий жазгандары аларды кармоого негиз болгон. Ошондой эле мекемеден учурда экөөнүн үстүнөн чогулган материалдар укуктук баа берүү үчүн тергөөгө өткөрүлгөндүгүн кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AzKumFerDan
2017-06-26 14:09:15
Жоопко тартыуу заарыл
+7
kadamjai90
2017-06-26 14:18:36
кимдер алар аты жонун жазса болбойбу.
+11
Ulan2601
2017-06-26 14:42:34
Иим кучу депутаттаргада жетеби экен символиканды баш кийиминди баатыр энелерди жамандап мазактагандар отурбайбы жогорку кенеште
+7
Seryi-Kardinal
2017-06-26 14:56:45
xxx emizgile
+2
BekAmir
2017-06-26 15:23:14
Жазага тартуу керек. Башкаларга сабак болсун.
+3
Дарыгер
2017-06-27 00:57:14
Жарандыгын жокко чыгарып. Өлкөдөн кууп чыгыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан