Аптаптуу жай келип, дыйкандар алгачкы түшүмдөрүн жыйнап, базардын көркү жаңы бышкан мөмө-жемиштер менен ачылып турган чак. Табитти ачып, суктандырган мөмөнүн ырахатын керектөөчүлөр да татууда. SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы мөмө-жемиш дүңүнөн сатылган "Сары-Өзөн" базарындагы бааларга баам салды.
"Бул жылы баалар өткөн жылдагыга караганда 10-15 сомго кымбат. Анткени жаздын келиши менен күн суук болуп жаан көп жаап жашылча, мөмө-жемиштер кеч бышты. Ошентсе да базардан издеген жемишиңди табасың. Биз сатып жаткан товарлардын айрым бөлүгү Кытай, Тажикстан, Өзбекстандан алынып келинет. Учурда картошка, пияз, коон, дарбыздын баасы күн сайын төмөндөп жатат. Анткени дыйкандардын жаңы казылган картошкасы базарга алынып келинүүдө. 1 килограмм картошка 15 сомдон 30 сомго чейин, пияздын 1 килограммы 25-30 сом болууда. Жергиликтүү болгар калемпири 50 сом болсо Кытайдан алынып келинген болгар калемпиринин 1 килограммы 150 сомдон сатылып жатат", - деди соодагер Асел Бакалова.
Базардын түштүк жагынан жергиликтүү дыйкандар өз огородунан алынган жүгөрүлөрдү сатууда. Кардарлар анын даанасын 15 сомдон сатып алууда.
Базардагы Баткен өрүгүнүн 1 килограммынын дүң баасы 90-95 сом болсо, чекене баасы 100 сомду түзөт. Ал эми гиластын килограммы 140 сом, Ташкенттен алынып келинген жүзүмдүн наркы 50 сомдон 100 сомго чейин. Шабдалыны сортуна жараша кардарлар 50 сомдон 70 сомго чейин сатып алууда.