Бүгүн, 27-июнда парламенттин комитет жыйынынан "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев жана Курманкул Зулушев кворум жок деп чыгып кетти. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранова жыйынга келбеген депутаттар ишеним кат таштап кеткенин айтты. Кенжебек Бокоев мурунку жыйында анын мыйзам долбооруна келгенде кворум жок деп добуш бербей койгондорун эстетти.
"Ишеним кат менен депутаттын атынан добуш бергенге болбой турганын мурунку жыйында эле тактадык эле го? Иса Өмүркулов жыйынга катышып, аягында ишеним катын таштап кеткенде дагы добуш бербей жыйынды жыйынтыктаганбыз. Депутаттар келгенден кийин келебиз", - деп жыйындан чыгып кетти.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин эки вице-спикери Алтынай Өмүрбекова жана Данияр Төлөнов жыйынга келбегенине нааразы болду.
Комитетте саат 11:00гө чейин танапис жарыяланды.
Кворум болуу үчүн 10 депутат жыйынга катышуусу керек, бүгүнкү отурумга 7 гана депутат келди.