Төрөбаевге "шайлоого жакын башка бирөөнү ээрчип кетпе" деп кеӊеш беришти

Бишкекте бүгүн, 27-июнда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын курултайы өтүүдө. Анда быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги бекитилгени жатат. Курултайдын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов партиянын лидери Бакыт Төрөбаевге: "Шайлоого жакын калганда башка бирөөнүн этегин кармап кете турган болсоң анда өз шайлоочуларыңды ирээнжитесиң", - деген кеӊеш айтты.

Бакыт Төрөбаев азыркы деңгээлге жетүүсүнө атасы Эргеш Төрөбаевдин салымы зор экенин, жаш кезден анын жанында жүрүп шайлоолорго кандай даярдыктарды көрүү керектигин өз көзү менен көрүп, үйрөнгөнүн баса белгиледи.

Мындан кийин Шеримкулов: "Бакыт, иним, сенин атаң Эргеш менин досум. Сага болгон сыйым - атаңа болгон сыйым. Эми бүгүн тамаша иретинде айтып коёюн. Курултайды ресторанда өткөрүп жатасыӊ мындан кийин мындай жайларда өткөрбөгүн", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан