Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси Дастан Догоевдин дайындалышына парламентте нааразы болушууда

“Бир бол” фракциясынан депутат Жаныбек Бакчиев убагында эки жолу сөгүш алган Дастан Догоевдин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалышына нааразы. Бул тууралуу депутат 27-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

“Дастан Догоев “Инфоком” мамлекеттик ишканасында иштеп турганда 2016-жылдын ичинде 2 жолу сөгүш алган. Ошондуктан бүгүн комитеттин жыйынына катышкандан уялып, өкмөттүн жыйынына кетип калды. Башкаруу тажрыйбасы жок адамды мындай кызматка эмнеге дайындашат?” - деп суроо салды.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Мамлекеттик каттоо тармагын көзөмөлдөө анын функциясы эмес экенин, бул суроого вице-премьер-министр Олег Панкратов жооп бериши керектигин айтты.
Эске салсак, комитет жыйынынын башында Дастан Догоев өкмөттүн шайлоо боюнча жыйынына катыша турганын айтып комитеттин жыйынын таштап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан