Бүгүн, 27-июнда Бишкекте "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын VI курултайы өттү. Өлкөнүн облустарынан келген 500дөй делегат партиянын атынан быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партиянын лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдошту.
Эскерте кетсек, иш-чарага өлкө аймактарынан келген делегаттар, партиянын саясий кеӊешинин мүчөлөрү, ММК өкүлдөрү жана башкалар катышышты. Саясатчылардан Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, депутат Жанар Акаев келди. Ташиев менен Келдибеков 19-июнда “Ак Шумкар” партиясынын курултайына да катышып, президенттик шайлоого аттанган Темир Сариевге тилектештик билдиришкен эле.