Бишкекте 28-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин иш сапары менен болот. Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов Орусия парламентинин спикеринин сапарын Кыргызда 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырды. Дубнов спикердин сөздөрүнөн КСДПдан президенттикке талапкер болчу Сооронбай Жээнбековду Москва колдой турганын же колдобой турганын баамдоого болот деген пикирде.
Мындан тышкары жакында Кыргыз жерине Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко келерин да билдирди. Анын сапары да президенттик шайлоого байланыштуу деп жоромолдойт Дубнов.