Кыргызга 28-июнда иш сапары менен келген Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Бишкектеги Өчпөс отко гүлчамбар койду. Иш-чарага Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев жана башкалар катышты. Орусия парламентинин төрагасы бүгүн Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушат.