Текебаевдин жактоочусу: "Менин айымдан уулумду кызматтан кетиришти"

Адвокат Канат Хасанов бийлик тараптан айыпталуучу Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларына басым жасалып жатканын 29-июнда SUPER.KG порталына билдирди. Хасанов Текебаевге жактоочулук кылып баштаганда мамлекеттик кызматта иштеген уулун иштен кетирилгенин айтууда. "Сенин иштөөгө моралдык укугуӊ жок, өз каалооӊ менен арыз жазып кызматтан кет" дешкен. Уулум арыз жазып берген", - дейт Текебаевдин жактоочусу.

Айтымында, уулу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде иштеп келген. УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Жооптуу кызматкердин иш ордунда жоктугун айтып комментарий берүүдөн баш тартууда.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму уланат. Сот отуруму башталганы жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан