Бишкекте калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо системин жакшыртуу боюнча илимий практикалык конференция өттү. Иш-чара Куткаруу кызматынын 26 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүдө. Конференциянын жүрүшүнө Өкмөттүн өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ӨКМнын кызматкерлери, Жаратылышты коргоо кызматынын адистери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле студенттер катышышты.
"Өлкөдө 26 жылдан бери 5259 ар түрдүү кырсыктар катталган. Анын ичинен 3 миңдейи акыркы 10 жыл ичинде катталган. Алар сел каптоо, кар көчкү, жер көчкүнүн жүрүшү. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында жер көчкү түшүү коркунучу бар аймактардан 4532. Анын 1109у эл жашаган 600дөй айылда жайгашкан. Бул айылдарда 5600дөн ашуун үй-бүлө жашайт", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин директору Анаркул Айталиев.
Практикалык конференциянын алкагында жер көчкүнүн жана сел каптоолордун басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталып жатканы айтылды.