"Кыргыздын мигрант кыздарынын укугу корголбой жатат" дейт депутат Касымалиева

Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Касымалиева Кыргыздын мигрант кыз-келиндеринин укугу корголбой жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу депутат 29-июнда парламентте билдирди.

"Маалымат каражаттарына Орусияда өзүбүздүн мекендешибиз тараптан бир келин бычакталып өлтүрүлдү, зордукталды деген маалымат чыкты. 2010-жылдан бери бул көйгөй жоюлган жок. Кыз-келиндердин укугун коргоо же өзгөчө көңүл буруу зарыл. Кыргыз мамлекетинен 16-17 жаштагы кыздар чет жерге иштегени барып ден соолуктары бузулуп жатат", - деди эл өкүлү.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиевге акыркы 1-2 жылдын ичинде мигранттардын абалы жакшырганын айтты. Чет жерде Кыргыз жарандары мекендештерин кордогон фактылар көп эмес деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ABDulHai
2017-06-29 14:36:07
Ээми ушул маселени ойлоп жатышса качан ишке ашат?
+2
Yasmina87
2017-06-29 14:40:17
Жөн эле айтты аягы жок бул иштин КРдагы элдин укугун чечишбейт анан
+2
Patriot7
2017-06-29 15:57:37
Ошол учун 16-17 жашар кыздарды жонотпогуло!!! Ал жакка барып башкаларды коруп боло берет экен деп тарбиясы бузулуп жатат. Ошол кыздардын 2/3си кыздык абийринен ажырап (оз каалоосу менен, оз женил ойлуулугунан) никеси жок, ким жакшы суйлосо ошого озун арнап зынага батып журот, ошол учун куйоого узаткыла, уйго токтобой калса кызынар, Россияга жоноткучо!!!

Озунор жонотуп алып, эми бечара болосунар!!!
+2
meni_kut
2017-06-29 16:30:59
Россия бул Туркия эмес туз журсо эч ким тийбейт.Куйоодон ажырашып бакыт издеп барган жаш келиндер уйбулосу Кыргызстанда калган эркектерге жашыруун тийип алышат...Эркектер жылдап иштеп журо беришет балдарынан алыс "жаны"аялы менен.
+1
pixduel1
2017-06-29 16:52:58
Уй-булосу бар эркектин да аялдын да москвада бирден "ойношу" бар! Албетте бул бардыгы дегени эмес.Бирок ал адамдын озунон жана чойродон коз каранды! Ою бузук балдар деле толтура бардык куноону келип кыздарга койгон туура эмес!Кыздарды бузуп коюп жума намазга барганына эмне деп айтышты да билбейсин...
-2
Patriot7
2017-06-29 18:40:54
pixduel1, ошого эн биринчи кыздар оздору куноолуу болуп жатпайбы! Жуз миндеген кыздар бузулуп, никеси жок корунгон менен эзилишип журот, ошолордун баары зордукталбай оздорунун каалоосу, чечими ошол болуп жатпайбы! Зордукталган кыздар, кыздык намысынан ажыраган 1000 кыздын арасынан 2-3 болот. Калганычы?!!


Кунаажын козун сузбосо дегендей болуп, абийир-намысы менен журсо, абийри таза турмушка чыгат эле го!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан