Коррупция боюнча айыпталганынан улам Бразилиянын президенти "Чоң жыйырмалыктын" саммитине болчу сапарын токтотту

Бразилиянын президенти Мишел Темер 7-8-июлда өтө турган “Чоң жыйырмалыктын” саммитине багытталган расмий иш сапарын токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, өлкө башчынын маалымат кызматы учурда бул боюнча түшүндүрмө бере элек. Бирок чет элдик булактар расмий сапардын токтотулушун Мишел Темердин тегерегинде тутанган чуулгандуу саясий жаңжалдарга байланыштырууда. Анткени 27-июнда Бразилиянын федералдык прокурору Родриго Жанот өлкө башчыга пара алган деп айып тагып, ишти Жогорку Сотко жиберген. Өлкөнүн лидерине коюлган бул айыптоо, пара алуу боюнча бир нече эпизоддордон турат.

Эске сала кетсек, Мишел Темер буга чейин Бразилиянын вице-президенти болгон. Ал мурдагы өлкө башчысы Руссеффке импичмент жарыялангандан кийин, 2016-жылы президенттикке келген. Болжолдуу түрдө ал өлкөнү 2019-жылдын 1-январына чейин башкарат.

“Чоң жыйырмалыктын” саммити 7-8-июлда Германиянын Гамбург шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан