Адвокаттар Текебаевдин үстүнөн арызданган Маевскийдин көрсөтмөсү башка күбөлөрдүн айткандарына дал келбей жатканын айтышты

Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский сотто көрсөтмө берүүдө.

Адвокаттар Маевскийдин көрсөтмөсү менен кылмыш ишинин дагы бир күбөсү Чотоновдун көрсөтмөсүндө карама-каршылыктар болуп жатканын айтып жатышат. Жактоочулар Маевскийден биринчи жолу Чотонов менен кайсы жерде жолугушканын сурашты. Маевский Бишкектеги "Хаят" мейманканасында жолугушканын айтты. "Хаяттан" жолугушканбыз, ал жерде Модин, Чотонов жана мен болгом, андан кийин Текебаевге барганбыз", - деди Маевский. Жактоочу: "Модин Чотонов менен жолугушуу эмен багындагы кафеде болгонун айтты, көрсөтмөлөр карама-каршы болуп жатат", - деди.

Мындан кийин Маевский: "Хаяттын" айланасынан жолугушканбыз", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан