Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышынын 2-сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланды.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламент экинчи сессиянын жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алганын билдирди. Ошондой эле парламент көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи. Ал кыйла натыйжалуу иштегени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.
Жогорку Кеӊештин депутаттары бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот.