Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүүдө.
Айта кетсек, кечээ Жогорку Кеӊештин 6-чакырылышынын 2-сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланып, депутаттар жайкы каникулга тараган. Алар бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзүп, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болмокчу.