Чыныбай Турсунбеков: "Президенттик шайлоого катышууга ниетим бар"

"Президенттик шайлоого катышууга ниетим бар", - деди бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

"Бул маселе абдан көйгөйлүү болуп жатат. Президент бул боюнча пикирин айтты. Маалыматы туура. Мен дагы ошол негизде ишимди жүргүзүп жатам. Шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүмдү эч ким чектеген жок. Президенттикке ат салышуу ниетимди четке какпайм", - деди төрага.

Мындан тышкары ал президенттик шайлоого өзүн өзү жылдыруу жолу менен катышарын айтты. "КСДПнын атынан эмнеге чыкпай жатканымдын баары сыр бойдон калсын", - деп баса белгиледи Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан