“Бул маселеде ун коопсуздугу, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат. Мен бул мыйзамды коргогон жокмун. Мында өкмөттүн кызыкчылыгы бар. Бир жыл мурун ушул мыйзам кабыл алынгандан тартып эле мен тууралуу айтылып келет. Бул мыйзам сунушталганда биринчи каршы добуш бергем”, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Спикер бүгүн парламенттин акыркы жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берүүдө.