Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргыз Республикасына иш сапары менен Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун чакыруусу менен келген. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында Турсунбеков өзү билдирди.
“Бул жерде биз абдан маанилүү маселелерди талкууладык. Эмгек мигранттарына байланыштуу кыйынчылыктарды чечүү, "кара тизме" маселеси, экономикалык соода алака, товар жүгүртүү, ошондой эле айыл чарбасы боюнча сүйлөштүк. Бул жерде толгон көйгөйлөр бар. Айрым учурда коңшу өлкөлөр биздин жол аркылуу өз азык-түлүктөрүн ташууга жол берилип жатат. Биз азыр анын үстүндө иштеп жатабыз. Ал эми Володиндин мени президенттик шайлоодо колдоо үчүн келген деп айтылган пикирлер негизсиз”, - деди Турсунбеков.
Эске сала кетсек, Орусиянын парламентинин спикери Вячеслав Володин 28-июнда расмий иш сапары менен бир күнгө Бишкекке келген.